Ош жана Баткен облустарында наркотик каналдар жабылды
Текшерүү маалыматтарына ылайык, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун активдүү катышуучусу болуп, Ош обласында баңгинелерди таратып келген. 17-февралда ГКНБнын кызматкерлери тарабынан Ички иштер министрлигинин баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүүлөрүнө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Баткенде жүргүзүлгөн көзөмөл сатып алуусунун жыйынтыгында А.А.Н., 1988-жылы туулган, кармалган.
Шектүү убактылуу кармоо жайына жайгаштырылып, учурда бул кылмышка байланыштуу бардык адамдарды аныктоо боюнча иликтөө улантылып жатат.
Обсудим?
Смотрите также: