РУС
Акыркы жаңылыктар » Окуялар » Бишкекте тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалды
Окуялар

Бишкекте тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалды

138
Бишкекте тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалды


Кыргызстан борбору Бишкекте тыюу салынган диний уюм "Хизб ут-Тахрир"нын активдүү мүчөсү кармалганы тууралуу маалыматтарды шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирүүдө.

Бул окуянын негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 332-беренесине ылайык экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча кылмыш иши башталган.

Оперативдик издөө иш чараларынын жүрүшүндө "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердүүлүгүнө активдүү катышкан 1983-жылы төрөлгөн Ж.А. аттуу шектүү кармалган.

Андан тышкары, кармалган адамдын жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүлгөндө экстремисттик мүнөздөгү материалдар жана документтер табылып, алынган.

Учурда бардык зарыл экспертизалар жүргүзүлүүдө жана тергөө улантылууда.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК