Лицензияларды берүү процессинде коррупция аныкталды

Ведомстводон алынган маалыматка караганда, бир нече компаниялар өлкөнүн жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамдарды бузушууда.
«Бузуулар Ж.М. аттуу жаран менен Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын инспектору Ш.А. ортосундагы келишимдин натыйжасында аныкталды. Алар мыйзамсыз жол менен лицензияны 250 миң долларга Кытайдан келген инвесторго сатышкан. Азыркы учурда экөө кармалып, УКМКнын № 21 мекемесинде жатышат», — деп билдирди УКМК.
Учурда УКМК КР мыйзамсыз лицензияларды берүү фактарды аныктоого жана бул бузулууларга катышы бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштерин жүргүзүүдө.


Обсудим?
Смотрите также: