РУС
Акыркы жаңылыктар » Окуялар » Омбудсмен институту Канышай Мамыркулова менен жолугушту
Окуялар

Омбудсмен институту Канышай Мамыркулова менен жолугушту

163
Институттун кызматкерлери учурда камакта жаткан Канышай Мамыркулова менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу маалымат 7-апрелде парламенттин бюджеттик комитетинин жыйынында омбудсмен Джамиля Джаманбаева тарабынан айтылды.

Джемиля Джаманбаева: «Биз анын шарттары боюнча кандайдыр бир арызы бар-жогун аныктоону сурадык. Ал өзүнүн кылмыш-жаза процессин мыйзамсыз деп эсептээрин гана билдирди» деди.

Милиция тарабынан берилген маалымат боюнча, Канышай Мамыркулова Facebook баракчасында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу «бурмаланган маалыматтарды» таратканы үчүн айыпталууда. Ошондуктан, ал 19-майга чейин СИЗО-1ге жабылды.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК