Кыргызстанда бир сутка ичинде 6 өрт катталды

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 6 өрт катталганын КРнин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматтарына ылайык, эки өрт Жалал-Абад облусунда, бир-бирден Бишкек, Нарын, Чүй жана Ош облустарында катталган. Өрттү өчүрүү үчүн 6 өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлгөн.
Айрыкча, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 70 рулон чөп бир сарайда күйүп кеткен.
Учурда өрт чыккан себептери такталууда, жабыркагандар катталган эмес.
Обсудим?
Смотрите также: