Улуттук онкология жана гематология борборуна анын аймагынын бир бөлүгү кайтарылды

Спецкызматтын маалыматы боюнча, мурдагы директордун орун басары К.О.И. фактически 0,46 гектарлык участокту өзүнө ыйгарып алды.
1997-жылы ал 60 унаа жүктөй турган убактылуу гараж куруу үчүн бул жер участогунун ижарасын алууга демилге көтөргөн, бирок кийинчерээк юридикалык негизсиз бир канча бир кабаттуу турак үйлөрдү куруп салган. Ошол үйлөрдүн биринде ал 28 жыл жашап келген.
УКМК билдиргендей, бул участок Бишкек мэриясынын балансына да, Улуттук борбордун балансына да кирбей келет, ал эми ушул убакытка чейин ага кадастрдык органдарда идентификациялык код берилген эмес. Ошондой эле, бул жерде өзгөчө операциялык блок жана бильярд клубу курулган.
Текшерүү процессинде К.О.И. менен медициналык уюмдун ортосундагы келишим бузулуп, участкога идентификациялык код берилди. Кийинчерээк 0,46 гектар жер мамлекеттик баланска өткөрүлөт.

Обсудим?
Смотрите также: