КП-44 начальниги жеке максаттарда соттолгондорду эксплуатациялагандыгы үчүн кармалды
Тергөө, ал «Колония-поселениелерде жазаларды өтөө шарты жана тартиби жөнүндө» инструкцияда белгиленген эрежелерди системалуу түрдө бузуп, соттолгондордун эмгегин мыйзамсыз пайдаланып, жеке муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бир нече жылдар бою колдонуу менен алектенгенин аныктады.
Мындан тышкары, жетекчилери менен бирге 2022-жылы бир соттолуучунун өлүм фактын жашыруу үчүн расмий документтерди жасалмалоого шектенүүлөр бар.
Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-статьясы («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголгон. Колониянын начальниги 27-мартта кармалып, камакка алынган.
Тергөө уланууда.
Обсудим?
Смотрите также: