Тартылган ырчы Кайрат Примбердиев 100 миң сом айып пулга тартылды
Сот аны КРнин кылмыш кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү боюнча "расалык, этникалык, улуттук жана диний касташууну козгоо" боюнча күнөөлүү деп тапты жана 100 миң сом айып пул белгиледи.
Казакстандын "Айран" ютуб-каналына берген интервьюсунда Примбердиев тарыхый окуяларга байланыштуу өкүнүчүн билдирип мындай деп айткан: "Биздин Ормон хан Кенесары ханды өлтүрүүгө мажбур болду. Мен казак элинен бул иштин болуп кеткенине байланыштуу кечирим сурагым келет." Бул сөздөр кеңири коомдук реакция жаратты.
10-февралда ГКНБ ырчыга каршы кылмыш ишинин козголгону тууралуу маалымдаган.
Обсудим?
Смотрите также: