Токтогул районунда 3 жасалма муздык тоо тоңдурулган
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан Кетмен-Доб айылдык аймакта үч жасалма муздук тоо тоңдуруу иши аяктады. Айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Багымбаевдин маалыматы боюнча, бул инициатива жайыттарга байланыштуу долбоордун бир бөлүгү катары ишке ашырылат. «Өткөн жылы биз Балыкты айылын таза суу...
