Кыргызстанда 19 миңдей иш ордун түзүү пландаштырылууда
Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын колдоо үчүн багытталган демилгелер алкагында болжол менен 19 миң жаңы иш ордун түзүү пландалууда. Бул маалыматты пресс-конференцияда өкмөттүн биринчи орун басары Данияр Амангельдиев билдирди. «Биздин негизги максатыбыз калкты жумушка орноштуруу. Ушул жылы биз 100дөн ашык өнөр жай компанияларын камтыган программа ишке киргизүүнү пландап жатабыз, 146 жаңы объектинин ачылышы күтүлүүдө. Алардын дээрлик бардыгы аймактарда жайгашат: 37 Чүй облусунда, 20 чамасында Ош
