Депутаттар сотторду дайындоо учурунда гендердик теңдикти эске алууну суранышууда
Бүгүн Жогорку Кенештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйналышында депутаттар сотторду дайындоо учурунда гендердик теңдикти эске алуунун зарылдыгын белгилешти. Жыйналыштын жүрүшүндө бир нече мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды...
