«Сиз Батыштын тапшырмаларын аткарып жатасызбы?» Депутаттар 12 жылдык окууга өтүүгө сын айтты
«Эгер көзөмөлгө албаса, Министрлер кабинетинин башчысы кеткени жатканда бардыгын бузуп коюшу мүмкүн» Бүгүн Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар билим берүү министрлигинин 12-жылдык окууга өтүү боюнча ишине нааразычылык билдиришти. Эл өкүлү Надира Нарматова республика бул реформаны ишке ашырууга даяр эместигин белгиледи. «Биздин билим берүү уюмдарында зарыл болгон шарттар, даярдалган программалар, ошондой эле квалификациялуу мугалимдер жана окуу материалдары жок. Эгерде биз 12-жылдык билим
