Билим министрлиги кызматкерге ири суммасында компенсация төлөдү
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине А.Т.А. аттуу жарандан кайрылуу келген, анда билим берүү жана илим министрлиги тарабынан эмгек мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө маалымдалган. Бул арыздын негизинде контролдоо инспектору пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн натыйжасында Билим министрлигине 300 000 сом компенсация төлөө жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле министрликтерге карата мыйзам бузуулар актасы түзүлүп, айып пул салуу тууралуу токтом чыгарылды.
