Караколдо эртең айыл чарба жарманкеси өтөт
Айыл чарба жарманкеси Караколдун борбордук аянтында 22-февралда, 11:00дө башталышат. Шаардык администрация берген маалыматка ылайык, жарманкеге фермерлер, жеке ишкерлер жана жан-жаныбарлар менен алектенген жакынкы райондордун тургундары катыша алышат. Шаардык администрация катышуучуларды иш-чараны акысыз өткөрүү үчүн бардык зарыл-жарактар менен камсыздайт.
