Сабиров: Аялдар – бул бардык тармактардагы прогресстин кыймылдаткычы
Эл аралык аялдар күнүн даярдоонун алкагында, 8-мартта белгиленүүчү жана Кыргыз Республикасында аялдар кыймылынын жүз жылдыгына арналган «Аялдардын лидерлиги: жаңылыкка өтүү – 100 жыл» аттуу салтанаттуу иш-чара өттү. Аны КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурган.
Иш-чарага эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, активист аялдар жана аял лидерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.
КР президенти Садыр Жапаровдун атынан Мамлекеттик катчы Суйунбек Касмамбетов куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу да конокторду куттуктады.
Сөз сүйлөгөндөр аялдардын лидерлигинин маанилүүлүгүн аялдар кыймылынын жүз жылдыгы контекстинде белгилешти, аялдардын социалдык өнүктүрүүгө кошкон салымдарын жана мамлекеттин, коомдун аялдар үчүн укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча колдоосун белгилешти.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, куттуктоо сөзүн сүйлөп, аялдар бардык жашоо тармактарындагы прогресстин кыймылдаткычы экенин белгиледи: бул үй-бүлө, иш, илим, саясат, билим берүү же бизнес болобу.
«Быйыл биз 8-мартты гана эмес, аялдар кыймылынын 100 жылдыгын да белгилеп жатабыз. Бул узун жолдо аялдар теңчилик, укуктар жана мүмкүнчүлүктөр үчүн күрөшүшүп, натыйжада биздин өлкөдө жана дүйнө жүзүндө көптөгөн оң өзгөртүүлөргө жетишишти. Чыйырда, Каныкей, Айчүрөк, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал жана Курманжан Датка сыяктуу аялдардын образдары кыргыз аялдарынын күчтүүлүктөрү жана улуулугуунун символдору болуп саналат. Алардын жолун баскан бардык мыкты аялдар терең урматка татыктуу!», – деди ал.
Министр ошондой эле жыл сайын гендердик теңчилик боюнча олуттуу прогресс байкалып жатканын кошумчалады.
«Саясатта, бизнесе жана башкарууда аялдардын саны көбөйүүдө. Бул алардын тынымсыз эмгеги жана жынысына карабай, ар бир адамдын өзүнүн потенциалын ишке ашыруусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон коомду түзүү үчүн болгон күч-аракеттери. Биздин негизги милдет – ар бир аял өзүн коопсуз сезип, келечекке ишенимдүү көз салып, жаңы жетишкендиктер үчүн бизди шыктандыруу үчүн шарттарды түзүү», – деди Равшанбек Сабиров.
			
			Обсудим?
		
	
	Смотрите также:
	








 
       
       
       
      