Бишкекте закладка тапкан окуучуларды сыйлашты
Бишкекте закладка тапкан окуучуларды сыйлоого арналган азем болду. Алар тапкан закладкаларын дароо милицияга билдиришкен. Бул маалыматты Первомай райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан беришти.
РИИБдин начальниги Эрназара Дуйшекеева жаш каарманларга кылмыштуулукка каршы күрөштөгү активдүү позициялары жана наркотиктерге байланыштуу кылмыштарды ачууга жардам берген жарандык жоопкерчиликтери үчүн ыраазычылык билдирди.
Милиция кызматкерлери: "Силердин иш-аракеттери жогорку жарандык жоопкерчиликтин үлгүсү болуп саналат. Биз силердин бул ишке кошкон үлүшүңөр менен сыймыктанабыз жана кызматташууну улантууга үмүт артып жатабыз. Силерге ден соолук, окууда ийгилик жана бакыт тилейм!"
Обсудим?
Смотрите также: