РУС
Акыркы жаңылыктар » Общество » Мамлекетке Бишкектеги мурдагы бала бакчанын дагы бир имараты кайтарылды
Общество

Мамлекетке Бишкектеги мурдагы бала бакчанын дагы бир имараты кайтарылды

46






Бишкекте мурда бала бакча катары колдонулуп келген имарат кайтарылды. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, 735,8 квадрат метр жалпы аянтка жана 460,5 квадрат метр жашоого ылайыктуу аянтка, ошондой эле 0,63 гектар жер участоктору жеке колго мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталган.
1994-жылы мамлекет менчиктерин приватизациялоо учурунда, бала бакчанын имараты мамлекеттик фонддон чыгарылып, зарыл болгон процесстер сакталбай сатылган. Жеке менчикке өткөрүлгөндөн бери, имарат өз максатына пайдаланылбай, таштандыга айланып, фактически дары-дармек сактоочу кампага айланган.
Жүргүзүлүп жаткан операциялык иш-чаралардын натыйжасында, имараттын ээси С.В.А. өзүнүн менчиги мыйзамсыз экенин түшүнүп, имарат менен кошо жерди мамлекетке кайтаруу ниетин билдирди. Бүгүнкү күндө имарат шаардык мэрияга өткөрүлүп берилди, андан ары ал өзүнүн баштапкы максатына ылайык пайдаланылат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК