Акыркы жаңылыктар » Общество » #РэкетчиликкеЖолБербейли. Кыргызстанда мектептерде рэкетке каршы флешмоб башталды
Общество

#РэкетчиликкеЖолБербейли. Кыргызстанда мектептерде рэкетке каршы флешмоб башталды

208

«Рэкетчилик – бул нормалдуу емес, жана биз аны биргелешип токтотууга тийишпиз!»


Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин маалымат кызматына ылайык, өлкөдөгү көпчүлүк мектептерде «Мектептерде рэкетчиликке токто!» аттуу флешмоб башталды.

«Биз рэкетчиликти токтотуу үчүн биригүүгө тийишпиз! #РэкеткеЖок дейли» флешмобуна кошулуп, балдардын коопсуздугу жалпы жоопкерчилик экенин тастыктаңыз», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Кантип катышса болот?

1. Мектептеги профилактикалык иш-чараларды сүрөттөп же видеого тартып алыңыз.

2. Алар менен #РэкеткеЖок #БалдарБиздинКелечегибиз #Мектеп #Мугалим #Ата-Эне хештегдерди пайдаланып жарыялагыла.

«Билим берүү мекемелеринде рэкетке каршы күрөштүн маанилүүлүгү тууралуу айтып бериңиздер. Биз балдарыбыз үчүн коопсуз атмосфераны биргелешип жарайлы!» - деп чакырышты Билим министрлигинин өкүлдөрү.

Сүрөт Билим министрлигинин маалымат кызматы тарабынан берилди
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Продолжая просматривать сайт day.kg вы принимаете политику конфидициальности.
ОК