Элчи Артыкбаев Монголияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту
Жолугушу учурунда элчи кыргызстандыктарды «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» доктринасындагы негизги аспектилери менен тааныштырып, анын улуттук биримдикти күчөтүү жана патриоттук маанайларды жаныктоодогу маанисин баса белгиледи. Артыкбаев ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздерин түзгөн көрүнүктүү инсандар жөнүндө, анын ичинде Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев жөнүндө маалымат берди.
Ошондой эле жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын Монголиядагы турмушу, миграциялык нормаларды сактоосу жана юридикалык маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле киберкоопсуздуктун негиздери жөнүндө суроолор талкууланган. Иш-чаранын катышуучулары консулдук маселелер боюнча кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Обсудим?
Смотрите также: