Акыркы жаңылыктар » Общество » Алай районунда МТФ участогу мамлекеттик менчикке кайтарылды
Общество

Алай районунда МТФ участогу мамлекеттик менчикке кайтарылды

97




Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) Ош облусунун Алай районунда жер участокторунун мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөндүгүн аныктады.
Комитеттин маалыматына ылайык, жер участогунун аянты 0,75 гектарды түзөт. Бул участок мурда Алай районундагы молочно-товарная фермага (МТФ) тиешелүү болгон жана мыйзамды бузуп приватизацияланган.

Сотко чейинки өндүрүшү жүрүшүндө тиешелүү чаралар көрүлүп, участок өз ыктыяры менен мамлекеттик менчикке кайтарылып берилди.

УКК мыйзамсыз жол менен жеке менчикке өткөрүлгөн объектилерди аныктоо жана кайтаруу иш-чараларын улантууда.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Продолжая просматривать сайт day.kg вы принимаете политику конфидициальности.
ОК