РУС
Акыркы жаңылыктар » Общество » 2028-жылдан баштап «Оскар» сыйлыгын эң мыкты каскадерлордун трюктарына да ыйгарууга башталат
Общество

2028-жылдан баштап «Оскар» сыйлыгын эң мыкты каскадерлордун трюктарына да ыйгарууга башталат

136
2028-жылдан баштап «Оскар» сыйлыгын эң мыкты каскадерлордун трюктарына да ыйгарууга башталат
Америкалык киноискусстволор жана илимдер академиясы «трюктарды коюу боюнча жетишкендиктер» үчүн жаңы номинация киргизилгенин жарыялады. Алгачкы жолу бул сыйлык 2028-жылы өтүүчү юбилейлик 100- церемониясында тапшырылат. Бул тууралуу генералдык директор Билл Крамер жана президенти Джанет Янг расмий билдирүү берип кабарлашты.
Билдирүүдө «Трюктарды коюу кинонун негизделген учурдан бери эң маанилүү бөлүгү болуп калды жана болушу улантылат. Биз бул таланттуу жана чыгармачыл артисттердин аябай көп иштерин баалай алганыбызга кубанычтабыз» деп белгиленди.

Жаңы номинациянын талаптары 2027-жылы жарыяланат.

Мурда киноакадемия бир нече белгилүү каскадерлорго 1966-жылы Яким Канутка, 2012-жылы Хэл Нидхэмге жана 2016-жылы Джеки Чанга ардак «Оскар» тапшырган. Каскадерлор үчүн өзүнчө номинация киргизүү идеясы режиссёр жана каскадер Дэвид Литч тарабынан активдүү колдоого алынган, ал кесиптеши Крис О'Хара менен биргеликте ушул демилгени илгерилетүү боюнча иш жүргүзгөн деп The Guardian маалымдайт.

Мындан тышкары, 2026-жылдан баштап «Оскар» сыйлыгынын алкагында эң мыкты кастинг үчүн да сыйлык тапшырылат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК