ЖКда улуттук оюн тогуз коргоолду 9-12-класстар үчүн программага киргизүүнү сунушташты
«Бизде ордо жана тогуз-коргоол сыяктуу оюндар бар. Көршү өлкөлөрдө алар мектеп билимине ийгиликтүү киргизилип жатат. Мен ушул оюндарыны өнүктүрүү менен алектенген уюмдардын өкүлдөрүнөн кайрылууларды алып жатам. Алар бюджеттик каражаттар балдардын турнирлерге катышуусуна да бөлүнбөй жатканын билдиришет, андыктан алар ишкерлерден жардам издешет. Кыргыз командаларынын мындай мелдештерге катышуусун каржылоого бюджеттик каражаттарды бөлүп берүү мүмкүнбү?» - деди Тумонбаев.
Мындан тышкары, ал тогуз коргоолду 9-12-класстар үчүн окуу планында карап чыгууга сунуштады.
«Башка өлкөлөрдө, мисалы, шахматтар мектеп программасына активдүү киргизилүүдө. Тогуз коргоол да мектеп окуучуларында логикалык жана стратегиялык ойлонуу жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берген интеллектуалдык оюн болуп саналат», - деп кошумчалады депутат.
Обсудим?
Смотрите также: