Акыркы жаңылыктар » Общество » Бишкек шаарындагы Опера жана балет театрына пандустар орнотулду
Общество

Бишкек шаарындагы Опера жана балет театрына пандустар орнотулду

79
Бишкекте мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана кыймылсыз жарандар үчүн заманбек талаптарга жооб берген пандустарды орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ишке ашырылышы уланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы Айбек Жунушалиев майыптар коомунун өкүлдөрү менен жаңы пандустарды кабыл алды.

Бул жолу мындай конструкциялар Чыңгыз Айтматов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жанында жана Абдылас Малдыбаевдин Опера жана балет театрынын жанына орнотулган.

Орнотулаган пандустар заманбап стандарттарга жооп берет: металл бөлүктөрү иштетилип, коррозияны алдын алуу үчүн боёлгон; алып жүрүүгө ыңгайлуу поручендер да каралган. Бул пандустардын тереңдик бурчу 8 градуска чейин жетпейт, бул аларды колдонууга ыңгайлуу кылат.

Бул долбоордун ишке ашырылышы меценаттардын колдоосу менен мүмкүн болгонун белгилеп өтүү керек, алар пандустарды орнотууга чоң салым кошушкан.

Визиттин жыйынтыгы боюнча мэр Айбек Жунушалиев китепкана жана театрдын тегерегиндеги аймактарды көрктөндүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды, анын ичинде жолдорду асфальттоо, отургучтарды орнотуу жана көчөдөгү поручендерди коюу.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Продолжая просматривать сайт day.kg вы принимаете политику конфидициальности.
ОК