Комиссия жаңы редакциядагы КР мамлекеттик гимнинин долбоорлорун иликтеп жатат
Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын имаратында 9-апрелде мамлекеттик гимндин жаңы версиясынын долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өткөрүлдү, деп билдирди Маданият министрлигинин маалымат кызматынан.
Маданият министр Миирбек Мамбеталиев мурда коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча отчет берди жана конкурстун эрежелеринде көрсөтүлгөн талаптарды эске салды.
Ал ар бир арызга шифр берилгенин белгилеп, бул объективдүү жана көз карандысыз анализ жүргүзүү үчүн, ошондой эле кызыкчылыктар кагылышуусун болтурбоо үчүн жасалганын айтты.
Комиссияга конкурска келип түшкөн материалдар сунушталды: тексттери, партитуралары жана музыкалык коштоо менен 90 толук долбоор; текст жана музыка менен 3 ән; текст жана партитура менен 3 ән; текстсиз 2 музыкалык чыгарма; музыкалык коштоо жок тексттүү жана вокалдуу 10 ән, ошондой эле музыкасыз 177 текст.
Отурум учурунда катышуучулар конкурс боюнча иштердин үзүндүлөрүн угушту, сунушталган варианттардын искусство жана музыкалык мүнөздөмөлөрүн талкуулашты жана ар кандай долбоорлордун артыкчылыктары боюнча өз пикирин билдиришти.
Талкуу эртең, 10-апрелде, ошол эле форматта улантылат.
Обсудим?
Смотрите также: