Дүр “D” категориясындагы тренерлер курсу Сокулуктан башталды
8-апрель күнү Чүй облусундагы Сокулук районунда "D" категориясындагы сертификат алууга каалоо билдирген тренерлерди даярдоо программасы башталды. Бул курс Кыргызстандын Футбол федерациясы тарабынан уюштурулуп, жаштар командалар менен иш алып барган тренерлердин көндүмдөрүн жакшыртууга жана профессионалдык деңгээлдерин көтөрүүгө багытталган.
Окуу 8-апрелден 10-апрелге чейин өтүп, теориялык жана практикалык сабактарды камтыйт. Курсунун алкагында катышуучулар машыгууну уюштуруу, оюндун техникасы жана тактикасы, окутуу методдору, ошондой эле 6-12 жаштагы балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жана спорт аркылуу тарбиялоонун аспектилерин үйрөнүшөт.
Курсту ФФКнын инструктору жана Ысык-Көл облусунун Футболь ассоциациясынын техникалык директору Амир Алимов өткөрөт.
Окуу аяктаган соң, бардык катышуучулар "D" категориясындагы сертификаттарды алышат, бул аларга өлкөдөгү футбол мектебинде, академияларда жана клубдарда иштөөгө укук берет.
Обсудим?
Смотрите также: