ЕБРР Кыргызстанга таза ичүүчү суу долбоорун ишке ашырууга $100 миллион бермек

Президенттин маалымат кызматынан алынган маалыматка ылайык, талкуу учурунда Кыргызстан менен ЕБРР ортосунда кызматташтыкты бекемдөө, экономиканын негизги секторлоруна инвестиция тартуу, биргелешкен инфраструктуралык инициативаларды ишке ашыруу, жеке бизнестин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү жана жашыл энергияны өнүктүрүү маселе сүйлөшүлдү.
Одиль Рено-Бассо өз кезегинде ЕБРР Кыргызстандан өткөргөн келишимдер жана бизнес-ишканалар үчүн колдоону камсыздай турганын билдирди. Кызматташтык боюнча өлкөгө жасаган инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен $1 миллиардды түзгөнүн айтты.
«Мурдагы жылы чыныгы экономика секторуна 52 миллион доллар инвестицияланды. Биз каржылоону көбөйтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз, 2024-жылга 11 долбоорго кол коюлган, алардын ичинен эң маанилуулары энергетика жана ирригацияга тийиштүү», — деп кошумчалады ЕБРР президенти.
Мындан тышкары, ал таза сууга жеткирүүнү жакшыртуу долбоорун ишке киргизүүнү жарыялады. «25 айылга финансирование каралган, бул инициатива үчүн жалпы инвестициясы $100 миллионду түзөт», — деп белгиледи Рено-Бассо.
Ошондой эле ЕБРР Кара-Балта — Чалдыбар автомобиль жолун реконструкциялоого колдоо көрсөтөт, бул Транскаспий эл аралык маршрутуна чыгууну камсыз кылат. Каржылоонун бир бөлүгү грант түрүндө берилет.
Сүрөт АП КР. Одиль Рено-Бассо жана Садыр Жапаров
Обсудим?
Смотрите также: