Акыркы жаңылыктар » Общество » 2024-жылы «Учкун» ишканасында 770 миңден ашык КР паспорттору даярдалды
Общество

2024-жылы «Учкун» ишканасында 770 миңден ашык КР паспорттору даярдалды

337

2024-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин «Учкун» акционердик коомунун 770 103 паспортту чыгаргандыгы маалымдалды. Бул маалымат Жогорку Кенеш депутаттары жана ишкананын жетекчилиги менен болгон жолугушууда айтылды.

Компаниянын маалыматына караганда, бул документтердин арасында 359 221 жарандык паспорт, ал эми 410 882 ID-карталар бар.

Мындан тышкары, паспорт чыгаруучу борбор 27 жаңы жумуш ордун түздү жана бардык кызматкерлер атайын даярдықтан өткөн.

2023-жылы компания немис өндүрүүчүсү BW Papersystem’ден паспорт чыгарууга керектүү жабдыктарды 484,9 миллион сомго сатып алды, учурда Кыргызстан үчүн гана эмес, чет өлкөлөр үчүн да паспорт чыгаруу уюштурулду.

Ошондой эле, компанияда акциз маркаларын, окуу китептерин басып чыгаруу жана күйүүчү майды белгилөө боюнча иштер жүрүп жатканы белгилүү болду.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Продолжая просматривать сайт day.kg вы принимаете политику конфидициальности.
ОК