Бакай-Атин районунда ормон өртү болду, 6 гектар жанып кетти (видео)
Өрттүн келип чыгуу себептери боюнча иликтөө жүрүүдө
Кечээ кечинде Талас облусунун Бакай-Атин районунда жайгашкан Мин-Булак айылында ормон өртү болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.
От менен күрөшүүгө эки өрт өчүрүүчү бөлүктөр, милиция кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар тартылды.
Өрт 22:52 чамасында толук өчүрүлдү. Окуянын натыйжасында 5-6 гектар жер отко күйүп калды, бирок жабыркагандар жок. Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.
Обсудим?
Смотрите также:
