РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Маданият министри жана Ага Хан Фондуунун өкүлү М. Абдраев атындагы мектептин жаңы окуу корпусун курууну талкуулашты
Коом

Маданият министри жана Ага Хан Фондуунун өкүлү М. Абдраев атындагы мектептин жаңы окуу корпусун курууну талкуулашты

411
14-мартта маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандын Ага Хан өнүктүрүү уюмунун (АКДН) өкүлү Баркат Фазал менен жолугушуу өткөрдү.
Министрликтин басма сөз кызматынан алынган маалымат боюнча, жолугушууда Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернаты үчүн жаңы окуу корпусу жана концерттик залдын курулушу менен байланышкан маселелер каралды.

Тараптар курулуш иштеринин учурдагы абалын биргелешип баалап, долбоорду аяктоо боюнча стратегияны талкуошту. Талкуу учурунда иштердин сапатына, иштин аткарылышынын мөөнөттөрүнө жана жаш музыканттардын чыгармачылыгын жана профессионалдык өнүгүүсүн колдоочу шарттарды түзүүгө басым жасалды.

«М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты өлкөбүздүн билим берүү системасында маанилүү орунду ээлейт. Студенттер үчүн заманбап шарттарды камсыз кылуу алардын билим берүү жетишкендиктерин жогорулатуу менен бирге, мамлекетибиздин маданий негизин бекемдейт», - деп белгиледи министр.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК