$15 миңге жетет. Депутат жогорку мектептердеги билим алуу бааларынын жогорулашына кабатыр
Ал белгилегендей, кээ бир билим берүү мекемелеринде билим алуу акысы $3 миңден $15 миңге чейин болсо, ал өзгөрүп турат.
Депутаттардын суроолоруна Экономика жана соода министрлигинин антимонопольдук саясат башкармалыгынын жетекчиси Айтурар Кожомурзакова жооп берди, учурда бул суроо Билим берүү министрлиги менен биргеликте каралып жатканын билдирди.
Ал: "Чын айтып коёюн, бул ачык рынок, биз анын ишине кийлигишүүгө укугубуз жок," - деди.
Андан тышкары, Антимонопольдук жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев 2014-жылдагы №637 токтомдун негизинде алардын уюму бааларды жөнгө салуу милдетинен ажыратылганын айтты.
Обсудим?
Смотрите также: