РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын 13-мартта ачат
Коом

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын 13-мартта ачат

90

«Кайрагач» жана «Кызыл-Бель» өткөрмө пунктунун расмий ачылышы пландаштырылган


«Азия-Плюс» агенттиги Согдий облусунун администрациясынан алынган маалыматка шилтеме берип, чек ара өткөрмөлөрү 13-марттан тарта кайрадан иштей баштайт.

«Кайрагач» жана «Кызыл-Бель» өткөрмө пунктунун ачылышына эки өлкөнүн бийик кызмат адамдары катышат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, президенттер Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров видеоконференция форматында иш-чарага катышат.

Эскерте кетсек, Эмомали Рахмон 12-мартта Бишкекке мамлекеттик сапар менен келет. Бул сапардын алкагында 13-мартта лидерлер өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай маселелерди жана эки тараптуу байланыштарды дагы да бекемдөө перспективаларын талкуулашат. Ошондой эле чек ара маселелери боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Сүрөт: www
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК