Бишкекте 8-классник өлтүрүлгөндөн кийин. Мектептин жетекчилиги жумуштан кетирилди
Директор, директордун орун басары жана класс жетекчиси кызматтан кетишти
8-класстын окуучусунун өлүмүнө байланыштуу болгон трагедиялык окуядан кийин Бишкектеги №72 мектебинин жетекчилиги кызматтан алынды. Бул тууралуу билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева парламент жыйынында билдирди.
Анын сөзүнө караганда, директор, директордун орун басары жана класс жетекчиси кызматтан бошотулган.
Эскерте кетсек, 21-январда №72 мектептин туалетинде 8-класстын окуучусу сабалган учур болгон. Уланды ооруканага жеткиришкен, бирок 4-февралда ал көз жумган. Маркумдун ата-энелери окуу жайдын администрациясы сабалуу тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылганын билдиришүүдө. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, болгон окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон жана учурда тергөө жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: www
Обсудим?
Смотрите также: