31-марттан баштап Ибраимова көчөсүнөн Абдрахманова көчөсүнө чейинки Чүй проспектисинин участкасы өткөрүүгө жабылат,
Бул жерде жер астындагы өтмө жана автоунаа токтотуучу жайдын курулушу башталат
31-марттан баштап Бишкекте Чүй проспектиси Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки участогу жабылат, деп шаардык администрация билдирди.
Чүй проспектиси Шопоков көчөсү менен кесилишкен жерде жаңы жер астындагы өтмө жана автоунаа токтотуучу жайдын курулушу башталат.
Бул иштерге байланыштуу бир катар автобус линияларынын кыймыл маршруттары өзгөртүлөт:
- 5, 34, 38, 50, 152, 166 жана 222 номерлүү автобустар Абдрахманов көчөсү менен Ибраимов көчөсүнүн ортосундагы Фрунзе көчөсүнө багытталат.
- 7, 11, 25, 36, 129, 169, 216, 227 жана 254 маршруттары Киевская көчөсүнө жөнөтүлөт.
Сүрөт: www
```
Обсудим?
Смотрите также: