Нарын облусунда аялдар-акаларга гүл тартууланды (видео)
Turmush маалымат агенттигинин кабарчысы билдиргендей, Нарын облусунун ООБДД кызматкерлери аялдар-акаларга гүл тартуулашты.
Инспекторлор аялдар-акаларга өздөрүнүн эң жакшы каалоолорун билдиришти.
«Сиздерге коопсуз жол каттамдарын жана чың ден-соолук каалайбыз», — дешти алар.
- Эл аралык аялдар күнү аялдардын укуктарын коргоо үчүн жүргүзүлгөн массалык акциялардын натыйжасында пайда болду. 8-мартты Эл аралык аялдар күнү катары расмий түрдө БУУ 1975-жылы, 1976-1985-жылдар аралыгында аялдар боюнча Декадага даярдык катары кабыл алынды, бул аралыкта гендердик маселелер боюнча эки эл аралык конференция өткөрүлүп, аялдарга карата ар кандай дискриминацияны жоюу жөнүндөгү Конвенция кабыл алынды.
Обсудим?
Смотрите также: