РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Кыргызстандын мыкты судьялары белгиленди
Коом

Кыргызстандын мыкты судьялары белгиленди

349
Жогорку сотто 2024-жылдын жыйынтыктары боюнча пленум отуруму өттү, аны соттун төрагасы Медербек Сатиев жетектеди.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча үч судья эң мыкты натыйжаларды көрсөттү.

Эң мыкты судьялардын тизмеси төмөнкүдөй:


  • Биринчи орунда Ат-Башы райондук сотунун судьясы Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич,

  • экинчи орунда Ош шаардык сотунун судьясы Асанова Чолпон Карыпбековна,

  • үчүнчү орунда Кызыл-Кий шаардык сотунун төрагасы Дарманкулов Манасбек Маширапович.


Сыйлык тапшыруу салтанаты 5-мартта XIII Судьялар съездинде өтөт.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК