"Бишкекглавархитектура" документтерди кабыл алуу үчүн бот ишке киргизди
Бул мекеменин билдирүүсүндө, аталган бот борбор калаанын тургундарына керектүү маалымат берип, "бирдиктүү терезе" мекемесине документтерди тапшырууга жардам берүү максатында көздөлгөндүгү айтылган.
"Сурам-жооп" боту жарандардан келген шаар куруу жана архитектура менен байланыштуу эң кеңири таралган суроолордун негизинде түзүлгөн. Виртуалдуу жардамчы 14 негизги суроого жооп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, андан тышкары подтемаларды да камтыйт. Жакынкы убакта суроолордун базасын кеңейтүү пландалууда.
Азыркы учурда бот тесттик режимде иштеп жатат жана анын милдети — кийинки жакшыртуу үчүн пикирлерди алуу. Кийинки этабында жасалма интеллект элементтерин киргизүү пландалууда, бул жооптордун сапатын жана колдонуучулардын кызматын алуу ылдамдыгын маанилүү түрдө жогорулатат.
Ботту иштетүү үчүн бул шилтеме боюнча өтүңүз.
Обсудим?
Смотрите также: