РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Кыргызстанда Монголиядан 20 тоннага картоп киргизүүгө тыюу салынды
Коом

Кыргызстанда Монголиядан 20 тоннага картоп киргизүүгө тыюу салынды

270
Кыргызстанда Монголиядан 20 тоннага картоп киргизүүгө тыюу салынды



Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдүн коргоосу жана карантин бөлүмүнүн адистери Монголиядан алынган 20 тонна картопко фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү.
Агроөнөржай министрлиги берген маалыматка ылайык, текшерүү маалында карантиндик фитосанитардык нормалардын бузулгандыгы аныкталды.

Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү (бузууларды) өткөрүү жөнүндөгү жобонун 4.4.3-пунктуна ылайык, 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин комиссиясы тарабынан кабыл алынган № 318 чечими боюнча, жүктүн карантиндик продукциянын упаковкасында керек маалыматтын жетишсиздигинен жана фитосанитардык сертификаттагы маалыматтын жогоругуна жооп бербегенине байланыштуу жүк жөнөтүүчүгө кайтарылды.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК