Канат Асанов Бишкек Шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция кызматынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты
Kaktus.media редакциясы шаардык милиция өкүлдөрү аркылуу тастыктады. Милициянын подполковниги Канат Болотбекович Асанов мурун Чүй облусунун Панфилов районунун Ички иштер башкармалыгынын орун басары кызматын аткарган.
Канат Асанов.
Анын мурунку орунбасары Асхат Муратканов эми Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын орун басары болуп, оперативдүү иштерге жооп берет.