РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Ош шаарында Agro EXPO 2025 көргөзмөсү өтүп жатат
Коом

Ош шаарында Agro EXPO 2025 көргөзмөсү өтүп жатат

190
Ош шаарында Agro EXPO 2025 көргөзмөсү өтүп жатат


Agro EXPO 2025 көргөзмөсү Ош шаарында 3-марттан 4-мартка чейин өтүүдө. Агрардык министрликтин маалыматына ылайык, иш-чарага алдыңкы агрардык компаниялар, фермерлер, ошондой эле айыл чарба продукциялары жана жабдууларынын өндүрүүчүлөрү жана дистрибьюторлору катышууда. Келүүчүлөр акыркы технологиялар, цифралык чечимдер, ошондой эле өсүмдүк чарбачылыгы жана мал чарбачылыгындагы акыркы жетишкендиктер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ошондой эле өндүрүш стенддери уюштурулуп, анда өздөрүнүн продукциялары жана кызматтарын сунуштап, презентациялар жана ишкердик жыйындар өткөрүлөт.

Иш-чаранын программасынын алкагында эксперттердин чыгышы жана айыл чарбасын жана кызматташуу келечегин талкуутоо каралган.

Көргөзмөнү уюштуруучулар — Химизация, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантин департаменти «Agro Union» ассоциациясы менен биргеликте өткөрүүдө.

Өтүүчү орун — С. Ибраимов атындагы Улуттук драма театры.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК