РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Нарын шаарында муниципалдык мончо курулат
Коом

Нарын шаарында муниципалдык мончо курулат

77









Нарын шаарында 200 адамга чейин сыйдыра алган муниципалдык мончо куруу башталат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин билдирүүсүндө айтылды.
Берилген маалыматка караганда, жаңы мончосуна 800 чарчы метр жер "Котормо" муниципалдык участогунан бөлүнгөн.
Курулуш үчүн мамлекеттик ишкана "Нарын курулуш" жооптуу болуп дайындалган, ал эми каржылоону мамлекеттик бюджет каржыламакчы.
Бүгүн шаар башчысы Канболот Тутуев "Нарын курулуш" өкүлдөрү менен жолугуп, долбоорду иштеп чыгуу жараянды тездетүү боюнча көрсөтмөлөрдү берди.
Шаар башчысы заманбап, коопсуз жана эстетикалык жактан жагымдуу коомдук мончону куруу маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда шаар тургундары үчүн муниципалдык мончого болгон жогорку муктаждык жөнүндө маселе көтөрүлдү.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК