РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Жапония Кыргызстанга мобилдик клиникаларды берет
Коом

Жапония Кыргызстанга мобилдик клиникаларды берет

189
3-мартта Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жапония тарабынан Кыргызстан үчүн төрт мобилдик клиниканы камтыган кайтарымсыз жардам жөнүндө жарыяланды. Бул "Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы" долбоорунун бир бөлүгү.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев мобилдик клиникаларда заманбап медициналык жабдык, анын ичинде маммографтар, УЗИ аппараты жана магниттик-резонанстық томографиялар орнотулат деп билдирди.

Кыргыз Республикасы - Жапония достукту орнотуучу парламенттик топтун мүчөсү Таалайбек Масабировдун сөзүнө караганда, жабдыктардын баасы 7,5 миллион долларды түзөт жана ал март-апрелде Чүй облусуна жеткирилет.

Комитет долбоордун алмашуу нотасын бир добуштан жактырды.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК