Свердлов районунда мал союу жайлары текшерилди




Свердлов районунда Бишкек мэри Айбек Джунушалиевдин көрсөтмөсү боюнча жергиликтүү мал союу жайлары текшерилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында муниципалдык администрациянын адистери шаардагы ветеринардык кызмат менен биргеликте мал союу жайларындагы санитардык шарттарды текшеришти.
Бул райондо Фере көчөсү, 32 жана Биримдик-Кут ж/м, 1-көчө адресиндеги эки мал союу жайы иштеп жатат.
Текшерүү учурунда эки мал союу жайы да нормалдуу иштеп жатканы белгиленди. Ветеринардык врач ар бир союлууга тийиштүү мал үчүн бириккен маркалар жана форма 1 боюнча маалымкаттардын болушун текшерип жатат.
Фере көчөсү, 32 даректеги мал союу жайында мал союу жүргүзүлүп, 570 сом баада уй этин сатуу жүргүзүлүүдө. Биримдик-Кут ж/м деги союу цехи тек гана мал союу кызматтарын сунуштайт.
Обсудим?
Смотрите также: