РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Баткен районунда этникалык кыргыздарга кайрылмананын күбөлүгү тапшырылды
Коом

Баткен районунда этникалык кыргыздарга кайрылмананын күбөлүгү тапшырылды

498
Баткен районунда временно жашаган этникалык кыргыздарга кайрылман статусун алгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү тапшыруу иши өттү.
Баткен району боюнча эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Суйунбек Сатыбалдыев, азырынча 18 адам күбөлүк алганын билдирди. «Арнайы комиссиянын чечимине жана ыйгарылган органдардын көрсөтмөсүнө ылайык, Баткен районундагы этникалык кыргыздар кайрылман күбөлүктөрүн ала алышат. Алар күбөлүк алган күндөн тарта 10 күндүн ичинде жарандык жана паспорт алуу үчүн паспорт столуна кайрылышы керек», — деди ал.
Бул күбөлүктөр Тажикстандан келген жарандарга Кыргыз Республикасынын "Этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келишине мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" 2007-жылдын 20-ноябрындагы №175 мыйзамына жана 2015-жылдын 23-июнундагы №402 өкмөттүн токтому менен бекитилген кайрылман статусун берүү тартиби боюнча жобо негизинде берилди.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК