РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Талас облустук ПЭС март айынан баштап аба линияларын капиталдык оңдоодон өткөрөт
Коом

Талас облустук ПЭС март айынан баштап аба линияларын капиталдык оңдоодон өткөрөт

345
Талас облустук ПЭС март айынан баштап аба линияларын капиталдык оңдоодон өткөрөт

2023-жылдын мартынан тартып Талас электр тармактары 10-0,4 кВ аба линиясын капиталдык ремонттоого киришет, узундугу 217,630 чакырымды түзөт. Бул маалымат энергетика министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Капиталдык ремонт учурунда төмөнкү аймактар ​​камтылат:

- Талас шаары — 4 чакырым;

- Талас району — 142,570 чакырым;

- Айтматов району — 52,460 чакырым;

- Бакай-Ата району — 18,600 чакырым.

Мындан тышкары, бул долбоордун алкагында Талас облусунун аймагында 10-0,4 кВ аба линиясын техникалык тейлөө каралган, жалпы узундугу 3764,025 чакырымды түзөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, иштер марттан ноябрга чейин күз-кыш мезгилине даярдык жүрүшүндө жүргүзүлөт.

«Бул иш-чаралардын максаты — аймактын электр энергиясын камсыздоонун сапатын жакшыртуу», - деп билдирилет расмий маалыматта.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК