РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Бишкектин айрым жерлеринде 27-февралда суу болбойт. Карта
Коом

Бишкектин айрым жерлеринде 27-февралда суу болбойт. Карта

163
27-февралда Бишкекте ремонттук иштер менен байланыштуу жарандык үйлөргө, билим берүү мекемелерине, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге суу берүү убактылуу токтотулат.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, суу берүү токтотулуучу көчөлөр төмөнкүдөй:


  • 10:00дан 20:00гө чейин Кийизбаева – Мамбетова – Курманжан Датка көчөлөрүндө суу болбойт;

  • 10:00дан 17:00гө чейин Ахунбаева – Шота Руставели – Тыналиев көчөлөрүндөгү участкаларда суу берилбейт;

  • 10:00дан 14:00гө чейин Саманчына – Малдыбаева – Байтик Баатыра – Суеркулова – Тыныстанова – Малдыбаева – Ахунбаева көчөлөрүндө суу болбойт.


Токтотуунун себеби, шаардагы суу түтүктөрүн пландаштырылган ремонттоо иштери.
«Бишкекводоканал» тургундарга жана уюмдарга алдында ичүүчү суу запастап алуусун сунуш кылат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК