Бишкекте жезөкчүлүккө көмөк көрсөтүүгө шектелип 27 жаштагы аял кармалды
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин "Жезөкчүлүккө жана жаман иштерге көмөк көрсөтүү" деген статьясы боюнча кылмыш иши козголду. Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү - 1998-жылы туулган А. Р. аныкталып, кармалды. Ал Первомай районуна караштуу РУВДнын тергөө кызматында жайгаштырылып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-статьясына ылайык Бишкектин ГУВДсынын убактылуу кармоо жайына жөнөтүлдү.
Шектүү.
Учурда кармалган адамдын башка ушуга окшош кылмыштарга катышуусун текшерүү жүрүп жатат. Тергөө уланууда.
Обсудим?
Смотрите также: