Баткен облусуна суу камсыздоо үчүн атайын техникалар 558 миң долларга тапшырылды
Баткен облусунда сегиз айыл округунун суу камсыздоосун жакшыртуу үчүн атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгү маалымдады.
Алынган маалымкатка ылайык, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин, Ислам өнүгүү банкын жана Сауд арабиялык өнүктүрүү фондун биргеликте жүргүзгөн иштери менен ишке ашты. «Баткен жана Талас облустарындагы айылдык жерлерде суу камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбооруунун алкагында Агентство по развитию и инвестициям КР (АРИС) тарабынан ишке ашырылууда.
Азыркы учурда Баткен облусундагы 43 айылда калкка таза ичүүчү суу берүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Жаңы техника муниципалдык суу камсыздоочу ишканалардын техникалык базасын чыңдоого жана долбоорго катышкан айылдардагы түзүлгөн суу системаларынын туруктуулугун арттырууга жардам берет. Экскавиторлор жана атайын машиналар төмөнкү райондорго бөлүндү:
- Кадамжай районунун Майдан, Уч-Коргон, Масалиев, Молдо-Нияз жана Исхак-Полотхан айыл округдары;
- Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл округдары;
- Лейлек районунун Сумбула жана Кен-Талаа айыл округдары.
Обсудим?
Смотрите также:

