95 жашында КР Жазуучулар союзуунун мүчөсү Мүнүр Мамбеталиев көз жумду
Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдалгандай, 2025-жылдын 22-февралында Талас облусунун согуш, Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, Кыргызстандын Жазуучулар союзуна мүчө Мүнүр Мамбеталиев дүйнөдөн кайтты.
Мүнүр Мамбеталиев 1930-жылы Талас районунун Кара-Ой (Таш-Добо) айылында төрөлгөн.
1947-жылы Кок-Арык мектебинин 9-классын аяктагандан кийин Чалдовардагы интернатта билим алууну уланткан. 1949-жылы Бишкектеги (Фрунзе) педагогикалык институтка тапшырып, 1951-жылы аяктаган.
Эмгек жолун 1951-жылы Талас районунун Асанбек Оторбаев (Буденный) атындагы мектебинде мугалим болуп баштаган.
1952–1957-жылдары Буденный районунда комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.
1957–1958-жылдары райондук КПКнын пропаганда жана агитация бөлүмүндө жумуш кылган.
1958–1959-жылдар аралыгында Талас райондук комитетинде жетекчилик кызматтарда иштеген.
1959-жылы Алма-Ата шаарындагы КПССтин Жогорку партиялык мектебине жиберилип, 1963-жылы аяктаган. Андан соң Талас жана Киров райондук комитеттеринде жогорку жоопкерчиликтеги партиялык кызматтарды ээлеп, чарбалык башкаруу тармагында иштеген.
1986–1991-жылдары "Лениндик Туу" облустук газетасында "Партиялык жашоо" бөлүмүн өткөрүп, Талас районунун коммуналдык чарбасын жетектеген.
1994-жылдан азыркыга чейин согуш, Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы болгон. Бул кызматта 20 жыл иштеп, ардагерлердин социалдык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүп, аймактагы 27 айылда курман болгондорго арнап эстеликтерди орнотууга катышкан. Анын демилгеси менен Таластын борбордук паркында тарыхый ишмерлер аллеясы түзүлгөн.
Мүнүр Мамбеталиев ошондой эле акын жана жазуучу катары таанымал, 13 шигырь жыйнагы жана 5 прозалык китебинин автору.
Ал төмөндөгү сыйлыктарга ээ болгон:
- "Даңк" медалы (1997-жыл)
- "Эмгек ардагер" медалы (1984-жыл)
- Ар түрдүү министрликтердин, мамлекеттик администрациялардын жана уюмдардын ыраазычылык грамоталары (1980–2006-жылдар)
- "Талас облусунун, Талас районунун жана Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Ардактуу жараны" наамы.
Обсудим?
Смотрите также: