Раззакова шаарында депутаттар агрономиялык кызматтарга тарифтерди бекитишти
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, жаңы тарифтер жаз, жай жана күз айларындагы айыл чарба иштерине тиешелүү. Бул баалар Раззаков шаардык кеңеши тарабынан 2025-жылдын 31-январындагы №12 чечими менен бекитилди. Бул чечимге ылайык:
- жерди жыртуу (кайра иштетүү) гектар үчүн 3400 сом болот.
- себүү үчүн себүүчү техника колдонулса, гектар үчүн 1500 сом болот.
- жебирлерден тазалоо жараяны дагы гектар үчүн 1500 сомду түзөт.
- чөптү чабуу косилка менен гектар үчүн 1300 сом болот.
- чөптү таңгактоо бирдик үчүн (тюк) 20 сомду түзөт.
- жыйноо комбайн менен гектар үчүн 3000 сомду түзөт.
Обсудим?
Смотрите также: