РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборунда 75 кыргызстандык бар
Коом

Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборунда 75 кыргызстандык бар

401
Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборунда 75 кыргызстандык бар

Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборунда 75 Кыргызстандын жараны бар.
Элчилик маалыматы боюнча, 2025-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы өкүлдөрү, анын ичинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, бул мекемеге кыргызстандыктардын укуктарын коргоо үчүн барышты.

Борбордун жетекчилиги менен болгон жолугушууда кыргызстандыктардын укуктары, аларды ыкчам репатриациялоо жана элчилик менен андан аркы аракеттерди координациялоо боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Ошондой эле, элчилик кызматкерлери «Сахарово» борборунда турган кыргызстандыктар менен жолугушуп, алардын праволору боюнча консультация берилди жана суроолоруна жооп беришти. Жарандардан алынган маалыматка ылайык, борбордогу шарттар боюнча жана укуктарды бузуу жагынан наразылык билдиргендер болгон эмес.

Жолугушуунун учурунда борбордо 75 адам кармалган, алардын арасында 7 аял бар эле.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК